Menu

Кризистин өзү эмес, кризисти күтүү коркунучу өтө кооптуу

Бөлүшүү:

Американын дүйнөгө атагы чыккан финансисти Джордж Сорос үстүбүздөгү жылдын май айларынын соңунда, күз айларында дүйнөлүк экономикалык кризис башталарын белгилеген экен. Өнүккөн өлкөлөрдө, ал эмес биздин өлкөдө деле валюталык туруктуулук жоголуп, доллар баасы жогорулап, рубль, сомдун куну түшүп, эл арасында кооптонуулар орун алды. Мындай абалдан чыгыш үчүн тез арада валюталык режим киргизиш керек деген экономика эксперти Кубан Чороевге суроо узаттык.

– Дүйнөлүк экономикалык кризис болорун экономика эксперттери жаз айларынан тарта маалымдай башташты эле. Азыр валюталык туруксуздук башталып келе жаткандай….

– Биздин кыргыздын сому, биздин валюта өзгөчө Орусия, Казакстан жана жакынкы стратегиялык экономикалык өнөктөштөр менен тыгыз байланышкан. Көбүнчө экономикалык абалдан дагы эмес, психологиялык жактан ошолорду кабыл алууда таасири жогору болот. Мисалы, Кыргызстанда акыркы жылдарда элдин көбү акчаларын сом менен сактап калган убакыт болду. Эми болсо сырттан ар кандай кабарлар келген сайын кыргыз сомун долларга алмаштыруу процесси күч алат. Мына ошол процесс сомдун курсуна өтө терс таасир берет. Мындай нерсе бизде 2014-жылдын аягы 2015-жылдын башында болгон. Анда сомдун арзандашына эч кандай фундаменталдык-экономикалык негиздер болгон эмес. Бирок, ошол убакта сырттан келген маалыматтар ошол эле рублдин кескин түшүп кетиши биздин жарандар арасында кооптонууну жараткан. Эң күчтүү таасир берген нерсе кооптонуулар болот. Экономикалык эч кандай факторлор таасир бербейт. Элдин кооптонуусу таасир берет. Доллар, евролорду сатып ала башташат, сомго болгон талап кескин азаят. Ошондо сомдун курсу түшө баштайт. Туруктуулук болуш үчүн биз мындай системада сомдун валюталык режимин өзгөртүшүбүз керек. Муну төрт жылдан бери айтып келе жатам. Биз кыска убакытта режимди өзгөртпөсөк, анда Улуттук банк катачылыктарга барып калышы мүмкүн. Эл дагы кескин зыян тартып калышы ыктымал.

– “Валюталык режим” деген кандай, кененирээк түшүндүрө кетсеңиз?

– Валюталык башкаруу режими деп коёт. Бул валютаны туруктуу бир курска байлоо болуп саналат. Бул курс мыйзам менен бекитилет. Сом долларга, доллар сомго туруктуу курс менен сатылып турат. Ошондо бизде эч кандай кооптонуу болбойт. Мыйзам менен бул курс бекитилет. Валюта курсу кризистерге учурабайт.

– Негизи кризис болуу коркунучу жокпу?

– Кризистин өзү эмес, кризисти күтүү коркунучу өтө кооптуу. Экономикадагы баардык нерсе стабилдүүлүктү жактырат. Ошол дүйнөдөгү өнүгүп жаткан мамлекеттерде капиталдын кетип калышына себеп болот. Бизге окшогон өлкөлөрдө жакынкы аралыкта девальвация, башкача айтканда, валюталардын куну түшүшү күтүлүп жатат. Чет өлкөлөрдө, Орусияда, Түркияда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө кризис башталды деп айтсам жаңылышпайм.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: