ГУБНОНдун мурдагы начальниги Алымжан Козубаев кырдаалга жараша “Ата Мекен” лидери Өмүрбек Текебаевге нааразы болуп жүргөнү, өткөн жылдагы шайлоодо алган добуштары баркталбай калганы боюнча кеп кетти. Алымжан ИИМдеги бакыйган кызматын таштап, “атамекенчилердин” байрагы менен бийликке жаман көрүнгөнү, анан жыйынтыгында добуш алса да, депутат болбой калганына нааразы болуп жүрүптүр. Керек болсо Козубаев пресс-конференция берип, Текебаевдин жүзүн ачып, саясатта кызык жагдай жаратуу жагынан маселе козголууда. Алымжан Козубаевдин духу жетеби “Ата Мекендин” абийирин төккөнгө?..
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ