Кыргызстандын экс-президенттери өлкөнүн саясый турмушуна кийлигише албай турган мыйзам кабыл алынганын экс-президент Роза Отунбаева 22-ноябрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.
“Президент болбой эле өлкөңө пайда алып келсең болот. Бийликке жаңы жүздөр келип, ошолор иштесин. Мен деле жөн эле отуруп калганым жок, өлкө үчүн колуман келгенди аткарып келе жатам”, – деди Роза айым.
Эскерте кетсек, экс-президенттердин саясатка аралашпай турганыдыгы боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл июлда кабыл алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ