Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкходжаев журналисттерди опузага алган учуру жазылып алынган аудио боюнча комментарий берди. Аудиожазууда аткаминер журналисттерди жок кыларын жана аларды элге кумса катары жарыялай турганын айткан.
«Башында алар менин заводумда жасалган товарлардын күлүн көккө сапырып, начар пикирлерди жазышат. «Артелди» монополия деп аташат. Анан бир жумадан кийин 10 миң доллар берсең, алар кайра мактай башташат. Деги алар ким?! Алар – айбан!!! Алар адамдын баласыбы же иттин баласыбы? Принциби жок балит байкуштар, тооктор!», – деген аким.
Башкы прокуратура аудиожазууну иликтөөгө аларын, качан жана кандай учурда жазылганын аныктай турганын билдирди.
17-ноябрда Kun.uz сайты Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкходжаев аталган редакциянын журналисттерин кемсинтип, коркутуп-үркүткөнүн жазган.
Өзбекстан президентинин администрациясынын алдындагы Маалымат жана коммуникация агенттиги да бул аудиожазууну текшерип, тиешелүү чара көрөрүн маалымдады.
Бул арада социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде Ташкент шаарынын башчысын отставкага кетирүү чакырыктары жаңырууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ