Menu

Дайырбек Орунбеков: «Сот Зульфия Сагитова менин катышуумсуз чечим чыгарып салыптыр!»

Бөлүшүү:

Журналист Дайырбек Орунбеков соттор анын укуктарын тепселеп жатканын айтып, биздин редакцияга кайрылды:

2015-жылы Аламүдүн райондук соту президент Алмаз Атамбаевдин кадыр баркын коргоп мага карата 2 000 000 сом моралдык чыгым талап кылган Башкы прокурордун арызын толугу менен канааттандырган. Мен, Аламүдүн райсотунун чечимин кийин Чүй облустук сотуна жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылып, бирок облус соту да күчүндө калтырган. Жакында райондук жана облустук соттун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылдым. Бирок, арыз берүү мөөнөтү өтүп кетиптир деп арызымды четке кагышты. Мен, мыйзамда көрсөтүлгөн жана жол берилген беренелерди колдонуп өтүп кеткен мөөнөтүн кайра калыбына келтирип берүү боюнча Аламүдүн райондук сотуна арыз жаздым. Мага 17-октябрда соттук отурумга чакыруу келди. Чакырууда соттук отурум 12-октябрда белгиленген экен, мага 5 күн кечигип келди. Бүгүн, 19-октябрда Аламүдүн райондук сотуна кабар алганы барсам, 7-12-октябрда соттук отурум болуп, менин арызмыды четка кагыптыр.

Мен, муну Конституциялык укуктарымды тепселеп жана соттук отурум эрежеси бузулган деп эсептейм. Мага кабар бербей өз алдынча чечим чыгарышкан. Мындайга жол берип, менин укуктарымды бузган сот Зульфия Сагитованын үстүнөн жогорку турган сотторго, соттор кеңешине арыз жазам,-дейт Орунбеков.

Эскерте кетсек, журналист Дайырбек Орунбеков 2010-жылдагы Ош коогалаңына Убактылуу өкмөттү айыптап жана Кадыржан Батыровдун качып кетишине Алмаз Атамбаевдин тийешеси болгон деп жазган макаласы үчүн соттолуп, президент Алмаз Атамбаевдин пайдасына 2 000 000 сом моралдык чыгым ьөлөп, андан тышкары Кыргызстандагы маалымат каражаттарынан андан кечирим суроого милдеттендирилген. Жакында Орунбеков президенттен кечирим сурабай жатат деген негиз менен «сот чечимин аткаруудан баш тартты» деген беренеге такап журналистке кылмыш иши козголгон. 27-октябрда Октябрь райондук сотунда ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум башталат. Сот чечимин аткаруудан баш тарткан убакта колдонуулучу 338-беренеде адамдын эркиндигин 2 жылга чектөө жазасы каралган.

dd1

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: