Жаздан бери жаны тынбай чуркап жүргөн Темир Сариевге оомат келчүдөй болуп турат. Түндүк-түштүктүн тың чыкмалары биригип, Темир мырзаны президенттик жарышта сүрөөнгө алмакчы болуп жатканы айтылууда. Албетте, «жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, балким бул имиштердин чындыгы бардыр. Бирок Сариев мындай дөөлөттү кармап кала алаар бекен?.. Дегенибиз, колдойбуз дегендердин кызыкчылыгын канааттандырыш керек. «Эшегим ылайдан өткөнчө макул дей берейин» деген фокус азыр өтпөйт. Баары бири-бирине алдана берип, жедеп такымын жеп бүткөндөр. Демек, алдоо жолу менен ийгилик келбейт. Ал эми баарынын мүдөөсүнө жараша талаптарын аткарып, ийге келтирүү кыйын. Кантээр экен? Дөөлөт тоголок демекчи, кармап кала алабы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ