Нарын шаарындагы чоң көчөлөрдүн биринде Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган такта илинген. Анда Усубалиев Турдакун делинген сүрөттөгү адам Кыдырма Орозалиев экени белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комментарий берип жатып: “Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Аталган баннерди 2 күн мурда алмаштырышкан. Бул жерде басмаканадан ката кеткен. Анткени, ал жерге буйрутма берилгенде алар интернеттен карап башка адамдын сүрөтүн түшүрүп коюшуптур”, – деди А.Кайыпов.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ