Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Президент Сооронбай Жээнбеков Алмаз Атамбаевге милдеткер эмес»

Бөлүшүү:

Өлкөдө саясий температура көтөрүлдү, Президент С. Жээнбековдун барган сайын бийлиги күч алып баратканына экс-президент Атамбаевдин тарапташтары чычалай баштады. С. Жээнбековго кантип сүйкөнөөрдү билбей, анын иниси А. Жээнбековго ачык асылуу башталды. Асылуулар баягы эле жалааларга негизделген. Бул жагынан Атамбаевдин кадрлары алдына эч кимди чыгарбоосу белгилүү.

— Табылды мырза, алды менен сөздү М. Мискенбевдин билдирүүсүнөн баштасак. Ал “С. Жээнбеков президент болуп калса, А. Жээнбеков мандатын тапшырам деп убадасын берген” деп айтты. Мискенбаевге ишенсек болобу?

— Мискенбаев буга чейин деле бир нече жолу чуу жаратуучу билдирүүлөрдү жасап келгендиги жалпыга белгилүү. Анын бул билдирүүсү да дал ошондой эле мүнөздө болду. Анын билдирүүсүнүн мүнөзү эле, анын артында кимдер турарын билгизип турат. Себеби, билдирүү жалаанын негизинде болуп жатпайбы. Мисалы, Мээрбек айтып жатпайбы, А. Жээнбеков мандатымды тапшырам деп убада берген деп. Бул жерде маселенин баары Мискенбаев ошол убаданы өз кулагы менен угуптурбу деген суроо жаралбай койбойт. Албетте жок. Демек, бул жалаа. Кезектеги Атамбаевдин кадрларынын жалаасы. 6 жыл өлкө булардын саясатчыларды жалаанын негизинде каралап, соттоп, түрмөгө камап келгенине күбө болбодубу. Мына бүгүн караңыздар, канчалаган саясатчылар жалаанын негизинде камалып олтурат. Булар бийликте болгон кезде мындай номерлер эч тоскоолсуз эле өтүп кетчү. Бүгүн абал өзгөрдү. Эл президенттик шайлоолордо жаңы президентти шайлап алды. Бүгүн өлкөдө жаңы саясат жүрүп жатат. С. Жээнбековдун рейтинги күндөн-күнгө өсүп баратат. Өзгөчө Коопсуздук кеңешинин отурумунан кийин аябагандай өсүп кетти. Себеби, С. Жээнбеков коррупцияга мурда болуп көрбөгөндөй сокку урду. Ал коррупцияны укук коргоо органдарынан, сот системасынан баштаарын билдирди. Айрым эски бийликтин кадрларын иштен алды. Кыязы, ошого бүгүн эски бийликтин учурундагы кадрлар бийлигин, таасирин, кызмат ордун сактап калыш үчүн, ар кандай көшөгө артындагы оюндарды жүргүзө баштады.

Мен ойлойм, Атамбаевдин чоң саясатка кайтайын деген ою деле жок болушу мүмкүн. Бирок, анын кадрлары экс-президентти сиз кайра чоң саясатка келишиңиз керек, КСДПнын башына туруп бериңиз деп алдап, көндүрүп алып, Атамбаевди С. Жээнбековго карама-каршы коюп, экөөнү кагыштырайын деп жатышы мүмкүн. Себеби, бийлигин, таасирин сактап калайын деген эски кадрлардын кызыкчылыгы болуп жатпайбы. Бирок, алар бүгүн С. Жээнбековго алдарынын жетпесин билип, аны алсыздатуу үчүн анын иниси А. Жээнбековго жалаанын негизинде асылып жатышат. А. Жээнбеков мандатын таштаса, анан С. Жээнбековду алсыздандырып, аны өз укуругубузга илип алабыз деген жаман ойлорго жетеленип жатышса керек.

Мискенбаевдин билдирүүлөрүн коомчулук колдобой койду. Себеби, А. Жээнбеков кечээ эле депутат болуп келген жок да. Ал 2007-жылдан бери чоң саясатта. Бир нече жолу ЖКга депутат болду. Эки жолу спикер болду. Саясий тажрыйбалуу, саясатта өз орду бар, өтө таасирдүү саясатчылардын сап башында. Ал бүгүнкү кадр баркына өз күчү, мүмкүнчүлүгү, аракети менен жеткен. КСДП партиясынын пайдасына 2010 жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоолордо тийиштүү добуштарды алып келип турган.

Мискенбаев айтып жатпайбы, Жээнбековдордун чоң саясатта болушу кландык башкарууга алып келет, биз кландык башкарууга жол бербейбиз деп. Бирок, бул анын жеке кооптонуусу. Бүгүн өлкө кландык башкарууга бара жаткан жок да. Жөндөн-жөн эле көзү ачыктык кылып, элди дүрбөтүүнүн кажети барбы? Жок да.

— Бул асылуулардын мындан башка да себептери барбы?

— Менимче, ТЭЦтеги кышта болгон авария, анын коррупциялык негизде ремонттолгону ачыкталып калышы да түрткү болду го дейм. Ошол 5 күн ичинде официалдуу эсепте 15 адам суукка тоңуп өлдү. Бирок, бир дагы чиновник кызматтан чегинген жок. Мына булардын граждандарга болгон мамилеси.

Мына бүгүн дагы ТЭЦ боюнча материалдар чубалып чыгып жатат. Адеп техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле курулуп, оңдоло баштаган дешсе, бүгүн химцех салынган эмес, айрым материалдар рынок баасынан өтө жогору сатып алынганы ачыкталды. Мисалы, жөнөкөй эле аттиштин 600 долларга сатылып алынганы белгилүү болду. Мындан башка бул проект президенттин аппараты менен макулдашуунун негизинде ишке ашырылганы айтылды. К. Дүйшөбаев бул проектини кытайлыктар адеп 180 миллионго эле бүтүрүп беребиз дегени, ал эми 386 миллионго Кыргызстан бийлиги көтөргөнүн айтып чыкты. Албетте, мунун баары ачыкталып калса, андан акыркы алты жылда бийлик коррупциялык схемаларды түзүп, миллиондорду жеп, шугулдангандыгы анык болот.

Менимче, ошондон улам өтө алысты мелжиген план иштеп чыгышса керек. Биринчиден, А. Жээнбековго атака коюп, аны мандатынан ажыратып, президент С. Жээнбековду алсыздантуу. Коррупция менен күрөштү ооздуктоо. Экинчиден, ЖКны толук бойдон контролго алуу. Мурдагысындай бөжөңдөтүп, депутаттарды өз кулдарындай кылып өздөрү каалаган мыйзамдарды, чечимдерди токутуп, өз кадрларын бекитип, кызматтан кызматка жылдырып турууну көздөшсө керек. Үчүнчүдөн, эгер ыңгайы келип калса, ЖКны таратып жиберип, кайрадан парламентке келүү жана бийликти толугу менен өз колдоруна алуу. Кыязы, мына дал ушундай сценарийлер каралып жатса керек. Эски бийликтин кадрлары бийликке келүү жолун чийгилеп жаткандай.

— КСДП фракциясынын жыйынына Ф. Ниязов барганы, алгач план боюнча А. Жээнбековдун мандаты талкуулана турган болгону тууралуу сөздөр тарабадыбы. Бул пландын аткаруучусу Ф. Ниязовбу?

— Экс-президенттин тегереги, шоопуру, жардамчысы, кеңешчиси дайыма ЖК депутаттарын төө бастыга алып турчу эмес беле. Ошого көнүп алышкан. Аларды коркутуп, кабинеттерине жүгүнтүп киргизип, жүгүнтүп чыгарып, аларды кулдай жумшап, каалагандай добуш бердиртип көнүп алышкан. Ошого булар бүгүн кызматтан кол жууп калсак, таасирибиз азайып, биз унутта калабыз деп чоочуркап жатышат. Ошого Ф. Ниязов мурдагы адатынча эле КСДП фракциясын башкаргысы келип, депутаттардын мандатына чейин киришип жатат да.

— Мискенбаев сыяктуулар С. Жээнбеков А. Атамбаевдин жолун улаш керек деп аны милдеткер көрсөтүп жатышы туура эмес экен да?

— Ооба. Анткени Атамбаев президент болгондо өлкөдө абал такыр башка болчу. Атамбаев ошол абалга жараша өз программасын иштеп чыгып, президент болгон. Бирок, С. Жээнбеков президенттикке өз кандидатурасын койгондо өлкөдө абал башка болчу да. Ошого жараша программа иштелип чыккан. Бүгүн С. Жээнбеков өзүнүн программасын аткарат, берген убадаларын ишке ашырууга аракет кылат. Мына коррупция менен күрөшөм деген, Коопсуздук кеңеши өтүп, иш башталды. Бизде көп партиялуулук системасынын маани-маңызын жакшы түшүнүшпөй эле, чыр чыгарышып, талаш туудуруп жатышат.

Менимче, С. Жээнбеков Атамбаевге эч милдеткер эмес. Себеби, 2010-жылы апрель жана трагедиялуу түштүк окуяларында түштүктүк саясатчылардын 90 пайызы Бакиевдерди колдоп турган. Ош шаарына Бакиевдер куралчандардын коштоосунда кирип келген. Ошол кезде Жээнбековдор аларга туруштук берип, абалды сактап калганын эл али унута элек. Жээнбековдор бардык күчүн, мүмкүнчүлүгүн элдин биримдигин сактап калууга жумшаганы жалпыбызга белгилүү. Эгерде ошол мезгилде Жээнбековдордун колдоосу болбосо, Убактылуу өкмөт кулап, Атамбаев жана башка революционерлердин баары камалып кетиши мүмкүн эле. 2010–2015- жылдары КСДП парламенттик шайлоолорду татыктуу утуп чыгышына да Жээнбековдордун салымы чоң. Мына ошонун негизинде Атамбаев президенттик шайлоолорго катышып, президент болуп шайланган. Ошондуктан, А. Атамбаев мөөнөтү бүтүп жатып, С. Жээнбековду өзүнүн мураскери катары көрсөттү да

— Мискенбаев кландык бийлик орноп кетпесин деп күйүмүш болуп жатат. Атамбаевдин доорунда деле жаңы клан түзүлгөнүн айтып, жазып жатышты го. Атамбаевдин кадр саясатын ачыктап көрбөйлүбү? Ал деле шоопурун, секретаршасын, завхозун, жардамчысын, жансакчыларын бийликке алып келип алды эле го?

— Ооба кептин баары ошондо. Клан деген түшүнүк өтө эле кеңири түшүнүк. Кланга жакын туугандар, үй-бүлө мүчөлөрү кирбейт. Кланга тегинен башка да бийликтеги адам менен ар кандай жакындыктагы адамдардын топтомун айтат. Туура, апрель революцияларынан кийин деле бийлик Акаев, Бакиевден алыс кетпей жаңы клан түздү. Бирок, бийлик кланды клиентелдик жакындыктагы адамдардан курады. ММКларда жаңы кланга экс-президенттин шопуру, жардамчылары, жансакчылары, завхозу, кеңешчиси ж. б. киргендиги айтылып эле жатты. Булар Акаев, Бакиевдин мезгилиндей эле бийликтин тармактарын бөлүп алып, каалагандай башкарып келди. Кадрлар да дал ошондой негизде бекилип жатты. Азыркы бийликтеги кадрлардын бири да президенттин аппараты тарабынан бекиген эмес. Булардын ар биринин артында экс-президенттин кланындагы адамдар турат. Мисалы, баткендиктердин, өзгөчө лейлектиктердин кадрдык жылыштарын шопур менен байланыштырышат. Кадрлардын бир даары МУКтун бүтүрүүчүлөрү. Булардын баарын азыркы премьер-министрдин атына байланыштырышат. Чоң-ата, чоң- энеси, таята-тайэнеси, атасы же апасы президенттин кеңешчисине тууганчылыгы барлардын баарын Ф. Ниязов менен байланыштырып келишет. Акыркы 6 жыл аралыгында ырааттуу мамлекетттик кадр саясаты болгон жок. Булар өз кланын түптөөнүн үстүндө иштеп, бийликти каалагандай калчап, камачуусун камап, жала жабуучусун жалаа жаап, билгендерин кылды. ТЭЦтеги кыңыр иш булардын бийлигинин коррупциялык мүнөзүн ачык көрсөттү.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: