Бүгүн, 30-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков $170 миң пара алып кармалган Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.
Азимкан Жусубалиев 2018-жылы 5-декабрда чет элдик компаниядан Эпкин-Дыйкан, Башкууганды 70 чакырым узундуктагы жолду курууга тендерди утууга жардам бергендиги үчүн $50 миң пара алып жаткан жеринен кармалган. Паранын калган бөлүгүн мурун алгандыгы да жарыяланган.
Бул окуядан кийин ошол кездеги транспорт министри Жамшит Калилов президент Жээнбековдун сынына кабылып, кызматынан кеткен.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ