Алкымдын азабынан “коррупционер” деген каймана атка татыктуу болгон Акматбек Келдибеков деген неме өзүн укмуш сезип, өзүнөн башканы деги эле өйдө койгусу келбейт. Бул адам акыркы учурларда өзү каржылык жактан колдоп келаткан сайт, ТВлар аркылуу өзүн мактатып, өзүн укмуш бир чыгаан саясатчы катары көрсөтүү аракетин көрүп жаткандай туюлат. Маселен, Качкын Булатов деген укук коргоочу аз күн мурун коррупция беренеси менен түрмөгө олтуруп чыккан Келдибековду өкмөт башчыга жалгыз татыктуу инсан катары сыпаттап, апендинин кызындай эле мактаптыр. Келдибеков премьер болсо кыргыз жыргаган экен. Деги эле элге маалым, белгилүү адамдар аксакал болуп калган чакта, ушинтип ызы-чуу менен жүргөн адамдарга кошомат кылып, жек көрүндү болбой тынч жүрүшсө… Чынында тынч жүргөндөр өтө сейрек, көбү бийликке, же кайсы бир саясатчыларга кошомат айтып, “дүжүр чал”, “ак шакал” болуп кетишет… Бул да коомчулуктагы өтө жат көрүнүш болду.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ