Menu

Казакстанда шайлоо тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндүгү үчүн Exclusive.kz сайтына айыппул салынды

Бөлүшүү:

Алматынын административдик соту «шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн» Exclusive.kz сайтына 75 750 теңге (200 доллар) өлчөмүндө айыппул салды. Айыпталуучу тарап бул өкүм боюнча жогорку баскычка он күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрыла алат.

Сайттын жетекчилиги тагылган айыптоолорду четке кагып, сурамжылоо жүргүзүүнүн алдында мыйзамда каралгандай өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдонгонун билдирүүдө.

Соттун материалдарына ылайык, сурамжылоо 5-майда басылманын YouTube сервисиндеги баракчасында жүргүзүлүп, кийин анын жыйынтыктары Exclusive.kz сайтына жарыяланган. Сурамжылоого жалпысынан 120 киши катышкан.

Казакстанда шайлоо темасында сурамжылоо жүргүзүү эрежелерин бузуу айыбы алгачкы жолу тагылып жаткан жок. Өткөн жумада социалдык түйүндөрдө шайлоо тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн эки жарандын ар бири 37 875 теңгеден (100 долларга жакын) айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: