“Ооруп жатат, эртең өлөт” делип түрмөдөн чыгарылып, дароо аэропорттон Чечняга учуп кеткен Азис Батукаевдин кесепетинен экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, кыргыздын аттуу-баштуу мамлекеттик жогорку кызматты ээлешкен бир канча жетекчилери шорломой болду. Баш-аягы 18 адамга кылмыш иши козголгон. Алсак, Алмазбек Атамбаев, мурдагы вице-премьер министр Шамил Атаханов, УКМКнын мурдагы жетекчиси Бусурманкул Табалдиев, экс-башкы прокурор Аида Салянова, экс-судья Жапар Эрматов, Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы жетекчиси Динара Сагинбаева, Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев жана башка бир катар жооптуу кызматта иштегендер бар.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ