Биздин өкмөттө инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги деген мамлекеттин капчыгын какшыткандан башка пайдасы жок мекеме бар. Аны Адилбек уулу Шумкарбек деген шылуун жетектеп келе жатат. Ушул убакка чейин бир инвестордун ишин илгерилетип, же ур-тепкиге алынып жаткан инвесторлорду коргоо обюнча кыпындай дагы иш алып барганын көргөн жокпуз. Демек, мындай өлкөнү кемирип жаткан аты бар, заты жок агенттиктерди ашка балээ, башка жүк кылбай жоюп салбайлыбы? Же иштин көзүн билбей, эт менен челдин ортосунда былжыраган Шумкарбекти кетирбейлиби? «Жаман иттин аты бөрүбасар» дегендей иш жүзүндө Шумкарбек жыргатпады да. Турмуш чындыгында тарпаңдыган таз жорудай неме экен. Муну эт комбинатына касапчы кылса болчудай.
-Шумкарбек мырза, шумкарларчасынан шаңшый албай жатканыңыздын себеби эмнеде? Дегенибиз, эмне иш аткарып жатканыңыз бизге бүдөмүк. Анан калса сиз жетектеген тармактын негизги милдеттери, аткара турган иши кайсы багытта, эмне иш кылат? Же буга өзүңүз деле түшүнө бербейсизби? Айтмакчы, жыл башында Президенттин өзүнө инвестицияларды өлкөгө тартуудагы негизги көйгөй катары инвестициялык долбоорлордун жоктугун айткансыз, аны түзүүгө жетише алдыңызбы? Канча инвесторго колдоо көрсөтүлдү? Таяк жеген инвесторлорго колдоо болдубу?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ