Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жактоочулары Жогорку сотко кайрылуу даярдап жатышат. Бул тууралуу депутат Искендер Гаипкулов жар салды. Ал бул туурасында: “Мырзакматовдун Кыргызстанга келүүсүн мыйзам чегинде чечиш керек. Азыркы учурда бул маселенин үстүндө жактоочулар иштеп жатышат. Ал саясий куугунтукка кабылып өлкөдөн чыгып кеткен” – деп билдирди. Буга дейре жаңы эле камактан чыккан “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев дагы Мелис Мырзакматовдун иши кайра каралышы керектигин билдирген болчу.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ