Башкы прокуратура жарандык активист Адил Турдукуловдун УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге юридикалык баа берүүсүн талап кылган кайрылуусун кабыл алды. Турдукулов Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2016-жылы “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган “Белизгейт” чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилеп келет. Кызыгы, Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин тарапташтары суракта сүйрөлүп жүрсө, эмнегедир Турдукулов сыртта калганы көпчүлүккө табышмак… Укук коргоо органдарына тымызын иштейт деген кептер төгүн жеринен чыкпаса керек…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ