Бүгүн, 23-сентябрда Жайыл районунда 28 жаштагы кыздын денесине жаракат келтирген адам кармалганы тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 21-сентябрда Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө ооруканага денесинен жаракат алган кыз түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган жерге милициялар барганда, Кара-Балта шаарынын жашоочусу Д.Т. аттуу кыз окуяны айтып берген. Анын айтымында, 21-сентябрда, болжол менен саат 04:30 чамасында, анын таанышы мас абалда Кара-Балтадагы көчөдөн аны себепсиз сабаган. Жабырлануучу анын денесине залал келтиргени үчүн аны жоопко тартып, чара көрүүнү суранган.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) менен катталып, 30 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ