Menu

Рита Борбукеева, КСДПчы: “Икрам Илмиянов башкалардай май чайнап тойлордо отурбаган, улам бир ишти бүткөрүп, намыскөйлүгү жагынан эч кимди алдыга салдырбаган адам”

Бөлүшүү:

“Азия ньюс” гезитине жарыяланган “Премьер менен спикерди ийилте салам бердирген Илмиянов” аттуу куш тилиндей маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Анын айрымдарына сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Рита Борбукеева: Илмиянов өтө иштерман да. Албетте, Нарындагы бул чоң иш-чарада жогорку денгээлди жеткирип, аягында татыктууларга да Президент А.Шаршеновичтин атынан сыйлыктарды жогорку денгээлде тапшырып, дыкат уюштуруп коюп, Ысыккөлдөгү дагы бир ишти Рух Ордодо эл аралык деңгээлде өткөргөнгө шашып кеткен. Түнү менен Сон-Көлдөн келип, эртеси таң аткандан кайра түнгө чейин Кытай Оруссиядан келгендер аралашкан иш чаранын майда чүйдөсүнө чейин өзү кол тийгизип, чуркап, Чолпон-Атада дагы бир иштин майын чыгарган. Аны да билген көргөндөр айтсын. Бирок, өзүн интеллигент көрсөткөндөр, биз сындап аткан “шоопурга” тең келип, чыдап иштей албаганын мойнуна алышкан. Чолпон-Атадан да кудум Сон-Көлдөгүдөй үлкөн чиновниктер ийилген. Анткени, алар да Илмияновдун башкалардай май чайнап тойлордо отуруп албай, (ой мени баары сыйлап, ийилип салам берип атат дебей) максималдуу убактысын үнөмдөп, улам бир ишти бүткөрүп, намыскөйлүгү жагынан эч кимди алдыга салдырбаганын билет, жана ким тана алат? Икрам Илмияновду көргөн билгендер айткылачы? Болбосо колубузга бирдеме тийип калса, же таасирдүүлөр жана дөөлөттүүлөр менен жанашып калсак эле чамгарактап, кер ооз сүйлөп, жумушта иштегенди кой, бирөөнү жумшап(делегированный полномочияны колдонуп) кесирленип калып атпайбызбы! Менимче бул азаматтын эмгекчилдиги менен калыстыгына, мансапты эмес – намысты туу тутканына 5 койсок болот. Дал ушул сапаты менен ал элдин көбүнө жакса керек да.

Арстан Арпачиев: Кошомат кылуунун да чеги болот. Андай чоң иш чараны өткөргүдөй, ГАИ коштогудай анын мамлекеттик статусу ким эле, болгону коомдук жардамчы. Атамбаевдин токочтуу баласы, бардык нерсени чечет, бирок көмүскөдө калат, ошол үчүн бардык чоңдор ийилип турат. Мураскердин келиши эң мурда ушуларга керек. Кайдагы намыс, аны туу тутса, канча деген балдардын өмүрү менен бийликке келишти, А.Атамбаев менен бюджетти кемирбей, элдин турмушун оңдоп, Кыргызстанды өнүктүрөт эле го.

Чолпон Осмонова: Ушуну ким жазса да, өлгөндөй кошоматчы экен! Баары эле бири бирине ийиле салам берип жүрүшөт. Тим эле мунун алдында баарын жаткырып салыптыр… балким чынында ушундай болушу мүмкүн, бирок Калк айтса, калп айтпайт дейт… азыр Акаев, Бакиедин жегендерди жалгыз ушу жеп , баарын ушул чечип калган деп жанындагылар көп айта башташты. Кечирип койуңуздар мен КОШОМАТЧЫ эмесмин, элден көп укканымды жаздым, УЛУУ УРМАТТУУ ИКРАМ акам окуса деле мага жинденбей ойлонуп көрөөр. Ар нерсенин аягы бар экенин эстей жүрүшүбүз керек.”

Эскертүү: Авторлордун стилистикасы жана орфография-пунктуациясы өзгөртүүсүз калтырылды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: