Menu

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна унду гуманитардык жардам иретинде жөнөттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-май күнү Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө гуманитардык жүктү берүү аземи болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жаңы дайындалган Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид, 2500 даана респиратор, 5000 даанадан медициналык колкап жана беткаптар, 2500 даана коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол транспорту менен жеткирилди.

Кыргыз тарап бир тууган элдин коронавирус менен күрөшүүдө өз убагында көрсөткөн жардамын жана колдоосун жогору баалайт жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирет.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: