Menu

“Кыргызстанды” талкалаган, адамдарды алдап акчасыз калтырган Маймендеевага чара көрүлөбү?

Бөлүшүү:

Ысык-Атанын кызы, Маймендеева Венера Сагынтаевна деген бар. Жогорку билимдүү, мединститутту бүтүргөн. Медицина илимдеринин кандидаты! Акыркы иш кызматы — ​30.12.2013-жылдан 28.11.2017-жылга чейин Кыргызстан профсоюздар Федерациясына (мындан ары — ​КПФ) караштуу «Кыргызстан» санаторийинин директору болуп турган. Анын өмүр-таржымалын саймедиреген, чубалжыган кириш сөздүн кереги жоктур! Ток этээри, «отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» неме. Биздин каарман алдамчылыктын “академиги” десек да болот.

Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн бул айым 2005-жылдын мартында Свердлов райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 169-статьясы боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө уурдап-жок кылуу) соттолгон. Неге дегенде, ал жакын туугандарынын бирине Англияга оп-оңой виза ачтырып бермекчи болуп алдап, 7000 АКШ долларын алып кеткен.

Күтүп-күтүп, акырында алданганын билген тууганы акчаны кайтарып берүүсүн талап кыла баштаганда, “Сен ким элең, кайдан көрүштүк эле” дегенсип, Венера айым каратып туруп таанып кетет. Айласы кеткен жабырлануучу тууганы арыз менен милицияга кайрылганда, кылмышы далилденип, кылтакка илинет.

Алдамчылык талантынын запкысын көп тарткан доктор Венера жеке адамдарды алдоо ары келечексиз, ары майда бизнес экендигин түшүнгөнбү, айтоор, модага айланган казынага кол салуу багытына да кызыга баштайт. 2013-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясы “Кыргызстан” санаторийинин директорлугуна конкурс жарыялагандыктан, Венера айым өз аты-жөнүндөгү айрым тамгаларды өзгөртө салып, тагыраагы соттолгондугун жашыруу максатында атасынын атын «Сагинтайга» өзгөртүп, КПФнын Конкурстук комиссиясына документтерин тапшырып, «Кыргызстан» санаторийинин директорлугуна дайындалган. Айлакерден амал качып кутулбайт деген ушул да…

Аталган санаторийге мүдүрлүк кылган 4 жыл ичинде Маймендееванын үстүнөн түшкөн жабырлануучулардын арыздарынын негизинде текшерүү басат да, жегичтик кылмыштары ашкерелене баштайт.

2018-жылдын декабрында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (тилди сындырып албоо үчүн мындан ары “финпол” деп атап койсок ыңгайлуу болчудай) тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде “СТ Аудит-консалт” ЖЧКсынын курамына 4 аудитор кирген топ тарабынан текшерүүчүлөр Венера айымдын көп былыктарын четинен казып чыгат.

Мисалы, КПФынын токтому менен 2015-жылдын январында бекитилген баага ылайык 1 путёвканын баасы 20 миң 400 сом болсо, Венера сулуунун 1-а сандуу буйругу менен 24000 сомдон 29000 сомго жогорулатылып, аталган мыйзамсыз буйруктун 2-п. менен санаторийдин администраторуна путёвкаларды жогорудагы баалар боюнча гана сатуу милдеттендирилип, аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө башбухгалтердин милдетин аткаруучу Э. Чоновага жүктөлөт.

Аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 1-сентябрына чейин эс алуучулардан 599 740 сом акча мыйзамсыз алынгандыгы — ​санаторийдин жетекчиси В. Маймендеева тарабынан кызматтык укугунан аша чаап кеткендиги ашкереленген. Бул жерде доктор Венера жогорудагы ири өлчөмдөгү сумманы өзү жетектеген мекеменин гана кызыкчылыгы үчүн камсыз кылган бекен деген суроо туулбай койбойт.

Аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө “Кыргызстан” санаторийинин аймагындагы 80 сотых жерди сатып алган адамдын өкүлү болуп эсептелген А. Калыковадан арыз түшкөн. Неге дегенде А. Абдижапарова деген жаран жогорудагы өлчөмдөгү жер тилкесин аукцион аркылуу 2 миллион 400 миң сомго сатып алган. Ага карабастан, санаторийдин ошол кездеги мүдүрү В. С. Маймендеева жер тилкесинин зарыл болгон документтерин учурунда даярдап берүүнүн ордуна, бардык иштерди чаташтырып, анысы аз келгенсип, бул ишти бүткөрүүнү атайылап создуктуруп жүрүп отурган. Майиендееванын анык жүзү ушул жерди сатууда анык көрүнөт.

Санаторийден алынган документтерге караганда, Кыргызстандын ФПК Кеңеши (мындан ары ФПРК) өзүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы токтому (№ 151) менен аталган мекеменин аймагындагы 80 сотых жер тилкесин сатуу чечимин кабыл алган. 2014-жылдын 7-августунда өткөрүлгөн аукциондо А. А. Абдижапарова сатып алуучу деп табылгандыгына карабастан, 5 жылдан бери аталган жерди ала албай, В. Маймендеева документтерди атайын бурмалап, туура эмес даярдагандыгынын айынан азап тартып келүүдө.

Текшерүү учурунда аудиторлордун колуна түшкөн документтер боюнча, жогоруда аталган 80 сотых жер кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдиги катарында документтештирилген эмес. “Кыргызстан” санаторийинин ошол кездеги директору В. Маймендеева УККТынын начальниги Ч. А. Токобаеванын 2014-жылдын 3-июлундагы 68-көрсөтмөсү бар экендигине карабастан, аукцион аркылуу сатууга коюлуп жаткан 80 сотых жер тилкеси деп аталган кыймылсыз мүлктүн тийиштүү документтерин атайылап даярдаган эмес.

Аукцион өткөрүүнүн алдынан А. Абдижапарова менен В. Маймендееванын ортосунда болгон оозеки келишим боюнча сатыкка Аламүдүн районундагы Малиновка айлындагы бак-дарактуу жана сатып алуучунун үйүнө жанаша турган жер тилкеси коюлууга тийиш эле. “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланган (14.07.2014. № 56) кулактандырууда да сатууга коюлуп жаткан жер тилкеси Малиновка айлында деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле В. Маймендееванын аталган жер тилкесине баа коюп берүү тууралуу “La-Sphere” ЖЧКсына жазган кайрылуусунда болсо, аталган 80 сотых жердин кайда жайгашкандыгы атайылап көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы баа коюп берчү компания менен санаторий мүдүрү 2014-жылдын 22-апрелинде түзгөн келишимде Малиновкадагы 80 сотых жерди баалоо боюнча эмес, Кашка-Суу айлындагы башка бир баасы төмөн, ыңгайсыз жер тилкесин баалоо боюнча тапшырма берилет. Анын үстүнө Кашка-Суу айылындагы 80 сотых жер тилкесинде эч кандай бак-дарак жок болуп чыгат. Бетон тосмолор менен курчалган ал жерде аймактагы 3 айыл жана бул аймактагы дачалар менен санаторийди ичер суу менен камсыз кыла турган, сатууга мүмкүн болбой турган суу кампасы жайгашкан. Мунун өзү баалана турган объект В. Маймендеева жана ал ишенген табакташтары тарабынан атайылап алмаштырылып коюлгандыгын ырастайт.

Анын үстүнө гезитке жарыяланган кулактандырууда сатыкка коюлчу жер кардарды алдоо үчүн көп кабаттуу үй салууга боло турган жер деп көрсөтүлгөн. Демек, сатып алуучуну Венера сулуу атайылап алдаган. Анын үстүнө мекеменин директору жогорудагы ЖЧК тарабынан баасы коюлган 80 сотых жер тилкесине сатып алуучу ал жерге көп квартиралуу үй салууга болбостугун атайылап көрсөтпөгөн.

Азыркы учурда А. А. Абдижапарованын колунда жогорудагы жер тилкесине ээлик кылууга укук берүүчү эч кандай документ жок. Жер тилкеси өлчөнүп, ажыратылып, казык кагылып, сатып алуучуга берилген эмес. Ошону менен бирге алданган кардар аялга Венера сулуунун айынан ал кассага төккөн 2 миллион 400 миң сом акчасы кайтарылып берилбеген. Ал акчанын кайда сарпталгандыгы тууралуу түрдүү сөздөр ушул күнгө чейин басылбай келет…

Ал аз келгенсип, санаторий жайгашкан жер медициналык мекеме жайгашкан өзгөчө кайтаруудагы табигый аймак болгондуктан, А. А. Абдижапарова Венера сулууга алданбай, чындап эле келишимде көрсөтүлгөн жер тилкесине ээ болгон күндө да, жогоруда аталган жер тилкесине үй сала алмак эмес.

Буюрбай калган А. А. Абдижапарованын 2 миллион 400 миң өлчөмүндөгү акчасы “Кыргызстан” санаторийинин эсебине түшкөнү менен ФПК Кеңешинин 2014-жылдын 19-мартындагы 51–1 сандуу токтомунун негизинде ал каражат туура максаттагы зарыл болгон иштерге сарпталбастан, Маймендееванын өзүмбилемдиги менен суу түтүктөрүн оңдоого иштетилген. Тактап айтканда, ал каражат суу түтүктөрүн жана суу кампасын оңдоо чыгымдардын эсептеп чыгаруу максатында Мухарлямова деген сметачы немеге кайрылышкандыктан, ал иштин баасы 2 миллион 160 миң 643 сом болуп чыга келген. Ага карабастан, мынчалык чоң чыгымга “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгы тарабынан уруксат берилген эмес.

Жогорудагы ири суммадагы акча каражатын талап кылган көлөмдүү ишти аткарууну Венера сулуу адистештирилген курулуш уюму менен келишим түзүүнүн ордуна, кээде ашарчылар тартылса, кээде көчөдө жумуш издегендерди иштетишкен. Бул багытта аткарылган иштердин бирине да акт түзүлүп, кабыл алынбаган.

Суу түтүктөрү боюнча аткарылган иштердин баасы түзүлгөн “отчетторго” караганда 1 миллион 20 миң 100 сомду түзгөн. Инженер-куруучу Т. С. Мамбеталиевдин өлчөп-эсептөөсүнө (сертификат СМ‑1.1 № 025700) караганда жогорудагы суу түтүктөрү тармагын ремонттоого иш жүзүндө 500 миң 119 сом сарпталган. Көбүртүп-жабыртып көрсөтүлгөн суммадагы калган 519 миң 981 сомдун кайда кеткендигине Маймендеева эмне деп жооп бере алат?!

Маймендеева “Кыргызстанды” башкарып турган учурда каржылык документтерде ири өлчөмдөгү акча каражаттары боюнча бурмалоо орун алган. Тактап айтканда, тигил же бул кызматкердин атына кириш же чыгыш кассалык ордерлери толтурулганы менен ал документтер боюнча эч кимден акча алынган да, эч кимге акча берилген да эмес. Мындай мекеменин акча каражаттарын уурдап-тоноого байланышкан көптөгөн теңирден тескери учурлар Венера сулуунун акылман жетекчилиги астында “Кыргызстан” санаторийинде салтка айланып калган. Бул нерселер тууралуу мурдагы башбухгалтер А. Рахманов, башбухгалтердин милдетин аткаруучу Э. Р. Чонова аудиторлорго жазган түшүнүк каттарында көрсөтүшкөн. Ушул кызматкер алды деп документ толтурулуп, иш жүзүндө ал акча ошол кызматкердин колуна тийбеген мисалдар толтура. Мындай болгон эмес деп Маймендеева актана турган болсо, текшерүүчүлөрдүн жазган актысына эмне деп жооп айта алат?

“Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын начальниги Ч. Токбаеванын жетекчиликке жазган маалымат катында да санаторийдин жетекчиси Маймендееванын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында А. Абдижапаровадан алынган 2 миллион 400 миң сом башаламан жана туура эмес сарпталгандыгы айтылган.

2017.23.06. 137 сандуу чыгыш ордеринин негизинде Э. Кудашевге жер түпкүрүнөн суу тарта турган насостор үчүн кабель алууга деп, 67536 сом берилет. Бирок, текшерүү учурунда ал бул акчаны албагандыгын көрсөткөн. 19.09.2018. Венера Маймендеева санаторийдин бухгалтериясына С. Мамыркановдун жогорудагы 67536 сомго толтурулган авансалык отчетун тапшырат. Ал отчетко караганда С. Мамырканов жеке ишкер А. Кумаров дегенден 293 метр кабель сатып алган имиш. Бул сатып алуу боюнча бухгалтердик документтер “туура” толтурулганы менен, Кумаров кат жүзүндө берген көрсөтмөсүндө 67536 сомду албагандыгын билдирген… Аудиторлордун корутундусуна караганда Венера айымдын акылман жетекчилиги астында жасалган бул авансалык отчет да жасалма. Бул Маймендееванын “Кыргызстан” санаториясында эле жасаган амалдуу аракеттери.

Учурда амалдуу Венеранын торуна илинип, акчасын алдаткан Садыбакунова, Экеев, Васильева деген жарандар айлакер айымдын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз тапшырышыптыр. Буга чейин ири суммадагы акча каражаттарын мойсоого байланышкан Маймендееванын кылмыштарына финполициянын “раиси” Таиров же тергөөчүлөрү жетишерлик көңүл бурбаганы да таң калыштуу.

Маймендеева адамдарды бал тилге салып ишендиргенде, СДПК саясий партиясынын активдүү мүчөсү экендигин, президенттик мөөнөтү бүтө элек кезде эле Атамбаев менен бетме-бет жолугуп сүйлөшүп турганын, КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттык фракциясынын жетекчиси болгон Чыныбай Турсунбеков, депутат Иса Өмүркуловдор менен шилекейлешкен достук мамиледе болгондугун айтып олтурса адам үмүтү жанбай койбойт да… Туурабы?
Бул макалада Маймендеева тарабынан жасалган чуулгандуу иштердин бир четин гана жарыя кылууну чечтик. Бирок, муну менен сөз бүтпөйт.

Финполдун жетекчилиги биринчи кезекте мамлекеттин, доктор Маймендеевага окшогон амалдууларга алданган адамдардын кызыкчылыгын, укуктарын ойлоого тийиш эле. Мындай кылмыштардын баарына эле кийгилишип же көзөмөлгө ала бергидей президент Сооронбай Жээнбеков бекерчи эмес да!..

Эмне үчүн Таиров жетектеген финполиция Президенттин коррупцияга каршы келишкис күрөш жүргүзүү чакырыгын жакшы “укпай” келатат?!

Номанжан Аркабаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: