Menu

Тажикстанда белгилүү дин кызматкеринин үйү тонолду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хатлон облусунда белгилүү дин кызматкери Эшони Мухриддиндин (Хамидов) үйүн тоногон адамдар изделүүдө. Кылмышкерлер үйдөн 6 800 доллар жана 40 миң сомони (4 миң доллардан ашык) уурдап кетишкен.

Маалыматка караганда, 18-ноябрдан бери облус аймагында кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы жүрүүдө. Аймактагы жолдорго МАИ жана милициянын кошумча посттору орнотулган.

Жергиликтүү жамаат башчысы Тохир Турсунов Эшони Мухриддиндин үйү тонолгонун ырастады. «Ал уулу экөө көп жылдар бою Хатлон облусунун Мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы медреседе сабак берип келишкен. Эртеден бери анын үйүндө тергөөчүлөр иштеп жатышат», — деди ал.

Буга чейин милиция кызматкерлери адамдарды сүзгөн делинген «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны издеп жатышканы кабарланган. Бирок көп өтпөй жергиликтүү бийлик бул маалыматты четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: