Menu

Эдил Байсалов: “Текебаев менен Отунбаеваны саясаттын курмандыгы деген таптакыр туура эмес”

Бөлүшүү:

Бир кезде Роза Отунбаева менен Текебаевдин эң жакын адамы катары алардын ыры менен сырын тереңден билген Эдил Байсалов өзүнүн “Твиттер” баракчасына: «Текебаев менен Отунбаеваны саясаттын курмандыгы деген таптакыр туура эмес. 2010-жылдан кийинки өлкөдөгү болуп жаткан окуялар – бул алардын шалаакылыгынын кесепетинен чыккан кыйроолор» -дегендей сыпаттама берди. Мындай пикирин Байсалов Текебаевдин сот процессине байланыштуу соттор менен прокурорлорго болгон нааразычылыктан улам жазган болчу. Чындык чычалайт деген ырас белем, Эдил мырзанын социалдык тармактагы билдирүүсү Текебаевдин түн уйкусун бузган экен: “Эдил үка кандайсың? Сенин жазганыңды окудум, макул эмесмин. Ушундай сотту өзүңөр койгонсуңар, ырас болду деп жазыпсың. Мен 3 ай убактылуу өкмөттө болдум, Роза Исаковна 1,5 жыл болду. 6 жылдан бери мен жасаган ишти Атамбаев талкалады. Сен объективдүү, эр жүрөк болсоң, темир тордун артында отурган мага эмес, Атамбаевге сын айтпайсыңбы? Темир тор артында отургандарга эң акыркы адам деле сөз айтып, табасы кана берет ырас болду деп. Туура, ката кетирдик, бирок 1 жылдын ичинде Роза Исаковна колунан келгенин жасады. Баарын кылган Атамбаев болуп жатат. Сенин жазганың мага каршы болсо да дайыма окуйм. Ал сыныңды айттың, эми бизди коюп Атамбаев тууралуу да пикириңди айт”, – деп кеңеш берди…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: