Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы Арслан Ибраевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 3-октябрда, Биринчи май райондук сотунда каралды. Рустамовдун мөөнөтү30-ноябрга чейин узартылып, жардамчысы үй камагына чыкканы тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 30-июлда Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчы Арслан Ибраев 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышкан. Аларды тинткен учурда ар биринен миң доллар акча табылганын, алар чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 гектар жер участогун берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылганы тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат тараткан.
Алардын бөгөт чарасы 2-августта Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камалышкан. Кийинчээрек жардамчысынын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн, ошондон улам ал бүгүн үй камагына бошотулду.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ