Өткөн жылы ноябрь айында Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматов туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган. Алмаматовду Бишкектин Октябрь райондук соту 12,5 жылга эркинен ажыраткан болчу. Коррупциялык ишке шектелген эргул актанып апелляциялык арыз менен иш Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот Алмаматовду «пара алуу» боюнча айыптуу деп таап, бирок 59-беренени (аракет декриминализация болгонуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу) колдонуу менен 3,3 млн сомго айып пул салган.
Ошентип, ал жазасын сүйлөшүү жолу менен кыйла жеңилдетип алып, үй камагына чыгып кеткен.
Ал коррупциялык схемадан топтогон акча менен сауна, кафе ачып, ири турак-жай курган жана мүлкүн башка адамга каттаткан. Алмаматов сауна ээси катары Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча күбө катары көрсөтмө берген. Алгач ал Алмаматов тиешелүү видеону айыпталуучу Калыйбек Саляновдун өтүнүчү менен өчүргөнүн айтып, кийин көрсөтмөсүн өзгөрткөн эле. Мына ушундай коррупционерлер кармалганы менен кайра эле акчанын күчү менен эркиндикке чыгып кетип жатканы биздин мамлекетте мыйзам иштебесинен, кандай болгон учурда да баарын акча чечеринен ачык-айкын кабар берип турат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ