«КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев беш фирмага ээлик кылып, салык декларациясынан жашырып койгон» деген маалыматты айрым сайттар жазып чыгышты. Маалыматта депутат мырза өзүнүн компанияларынын, мындайча айтканда, бизнестеринин ичинен газ берүү жана газ бөлүштүрүү, кыш завод, Оштогу такси кызматы, көмүр казуу ишканасын декларацияда көргөзбөй койгону белгиленет. Айта кетсек, депутат Азамат Арапбаев өзү ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине мүчө. Аны депутаттык ишмердүүлүгү жөнүндө негизги мыйзамды бузууда айыпташууда. Бул тууралуу депутаттын өзүнөн тактоону чечтик.
– Азамат мырза, сиз ээлик кылган беш компанияңызды салык декларациясынан жашырып келатканыңыз айтылууда. Өзүңүздөн тактасак дегенбиз…
– Ал маселеге ким кызыгыптыр, ким изилдеп чыгыптыр? Ошолор тереңирээк дагы изилдешсин, такташсын.
– Есоnomist.kg жана «Декларатор» долбоору сиздин тапшырган декларацияңызды ачык булактар менен салыштырып чыгыптыр. Сизди «депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө негизги мыйзамды бузган» деп жатышат…
– Мен эч качан ишкерчилигимдин баарын декларациядан жашырбайм. Сөзсүз түрдө көргөзүп, салык да төлөп келатам. Мыйзам бузганымды текшерүү, тергөө органдары аркылуу далилдешсин.
– Компанияларыцызды атай аласызбы? Кайсы тармактар боюнча ишкерчилик жүргүзөсүз?
– Мындай да… Жанагы маалыматтар жалган. Мен таптакыр кошулбайм жалган маалыматтарга. Биринчи угуп атам… (Качып кетти.)
Динар Турдугулова
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ