Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев коррупцияга каршы “Таза Кол” аттуу фонд түздү. Бул тууралуу кечээ, 5-ноябрда өзү журналисттерге жыйынын өткөрүп жатканда билдирди.
Анын айтымында фондду өзү жетектейт. Аталган фондду азыр эч ким каржылай элек. Уюштуруучулар эл аралык уюмдардан көмөк алууга, гранттарга жана демөөрчүлөргө үмүт артышууда. Ошондой эле ал фонддун максаты мамлекеттин жемкорлукка каршы күрөшүнө жардамдашуу экендигин баса белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ