Аталган агенттик чет элдик инвесторлор менен делегацияларга расмий сый тамак берүүгө тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, сатып алуу- түз келишим менен жүрөт. Пландаштырылган сумма – 250 миң сом. Каалоочулар конкурска 2019-жылдын 6-ноябрына чейин катыша алмак. Сый тамак берүү – Кыргызстанда, Бишкекте болуп, делегаттардын саны 3 кишиден 15 кишиге чейин каралган.
6-ноябрда түшкөн конвертти ача келгенде бир компания менен жеке ишкердин билдирмеси чыккан:
“Атлас Групп Корп.” ЖЧКсы – жалпы сунуштаган суммасы – 241 миң сом.
Жеке ишкерБахтияр Хусаинович Ибрагимов – 250 миң сом.
КРнын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча “Атлас Групп Корп.” ЖЧКсы каттоодон 2018-жылдын 24-августунда өткөн. Жетекчиси – Азиз Бакытович Шералиев. ЭЭси – Гүлмира Жакибаевна Шералиева. Негизги ишмердүүлүгү – мейманкана менен камсыз кылуу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ