Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында өлкө ичиндеги автожолдордо оор жүк ташуучу унааларды таразадан өткөрүүдө коррупциялык схемалар уланып жаткандыгы айтылды.
Депутат Марлен Маматалиев өлкөнүн тышкы карызы 4,5 млрд АКШ долларын түзгөндүгүнө, анын жарымы жол тармагына алынгандыгына токтолуп, ага карабастан дагы деле бир топ жол, анын ичинде ремонттолгон жолдор кайрадан оӊдоп-түзөө муктаждыгына кептелгендигин айтты. «Дээрлик баардык жерлерде оор жүк ташуучу унаалар үчүн таразалар орнотулса дагы, төшөлгөн асфальттын бузулушуна оор жүк ташуучу автонуулар себеп болууда»,- дейт депутат. М.Маматалиев Сосновка өткөрүү пунктундагы оор жүк ташуучу унааларды таразадан өткөрүүдө 20 миӊдей оор жүк ташуучу унаадан жүгүнүн тиешелүү өлчөмдөн көп болгондугу үчүн болгону 275 унаага гана протокол түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Мындан улам эл өкүлү адам фактору катышпагандай кылып мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын жар салды.
Жыйын жүрүшүндө Депутат Азизбек Турсунбаев дагы бул боюнча маселе көтөрүп, Ала-Бука-Аксы-Чаткал жолдорунда оор жүк ташуучу унаалар тиешелүү өлчөмдө жүк ташыбай, асфальттанган жолдор бузулуп жаткандыгын айтып чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ