Menu

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү

Бөлүшүү:

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү.  Алардын ичинен кош бойлуулук  жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны – 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул  – 1,8 миң адам. Бул тууралу бүгүн, 25-сентябрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3423,0 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы – 235,8 млн. сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга – 229,6 млн. сом жана расымдык жөлөкпулга – 6,2 млн. сом сарпталган.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: