Президенттик шайлоого алгачкылардан болуп аттанган номур биринчи акшумкарчы Темир Сариев тууралуу түрдүү кептер тарап баштады. Темикенин Кремлге тез-тез каттап жатканы да кабарланууда. Айрым булактар Сариевди Москва колго ала баштаганын да айтып жүрүшөт. Кремлге жетүүнүн жолу, ал жактын ишенимине кирчү ачкыч Сариев үчүн “Газпромдун” Кыргызстандагы жетекчиси Болот Абилдаев болуп берет экен. Абилдаев менен Сариев улан кезден бери жакын санаалаш достордон болуп келгени көпчүлүккө белгилүү. Болот мырза “Газпромдун” лөгү Алексей Миллер менен тил табыша алчу адам. Миллерге түз чыгып, Сариевди талапкер катары көрсөтө алат. Миллер Путиндин ишенген эки адамынын бири. Ага Кремлдин эшиги ачык. Ал жакка Темир мырзаны сунуштап, ишенген адам катары сыпаттаса эле Путин анын сөзүнө ишенет да. Аргенбаевич алкынып жатканынын себеби да ушул болсо керек.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ