Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эркектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку үч айда эле эркектерге карата жасалган зордук-зобулук боюнча 160 факт катталган. «Арыз жазгандардын орточо курагы 30-40 жашты түзөт. Ал эми датганбай, кордукка чыдап жүргөн эркектердин саны мындан кыйла көп болушу ыктымал» дешет эксперттер. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр бир жылда эле үй-бүлөлүк зомбулуктан ар кандай жарааттарды алып бейтапканада дарыланып чыккан эркектердин саны 9 миңге жеткен.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ