Menu

Өкмөт дотациялык айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дотациялык айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынан 18% эле жетиштүү каржылоосу бар.

Маалымдоо: Дотациядагы айыл өкмөттөрдүн динамикасы

Обулустар 2018 2019 2020 (божомол)
Дотацияда Дотацияда эмес % Суммасы Дотацияда Дотацияда эмес % Сумма Дотацияда Дотацияда эмес % Сумма
Ысык-Көл облусу 39 22 63,9 110128,5 38 23 62,3 119535,3 39 22 63,9 111947,1
Жалал-Абад облусу 63 5 92,6 419630,6 62 6 91,2 438299,4 61 7 89,7 402160,0
Нарын облусу 61 2 96,8 280257,2 61 2 96,8 301406,4 61 2 96,8 301451,9
Баткен облусу 30 1 96,8 207127,0 30 1 96,8 229627,7 30 1 96,8 224528,5
Ош облусу 84 4 95,5 551485,9 83 5 94,3 603040,1 84 4 95,5 636294,6
Талас облусу 34 3 91,9 113588,0 32 5 86,5 124262,6 31 6 83,8 121783,9
Чүй облусу 67 38 63,8 159665,3 68 37 64,8 175778,5 65 40 61,9 160784,0
Республика боюнча 378 75 83,4 1841882,5 374 79 82,6 1991950,0 371 82 81,9 1958950,0

Жергиликтүү бюджеттердин кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында 2019-2021-жылдар аралыгында киреше салыгынан жергиликтүү бюджетке чегерүүнү 100% жеткирүү пландаштырылууда. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2019-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше салыгынын көлөмү 1,5 эсеге көбөйдү. 2019-жылы киреше салыгынан 70% чегерүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд сом алышат.

МаалымдооКиреше салыгынын түшүүсү, миң сом

 

2018-ж. 9 айы

(50/50)

2019-ж. 9 айы

(70/30)

Өсүү темпи

% менен

Талас облусу 82 211,6 134 660,5 163,8
Ош облусу 204 678,7 310 514,2 151,7
Нарын облусу 95 346,6 144 174,6 151,2
Бишкек шаары 1 670 864,1 2 513 779,6 150,4
Жалал-Абад облусу 392 743,6 587 141,3 149,5
Ысык-Көл облусу 275 847,9 411 932,4 149,3
Ош шаары 217 228,4 323 931,5 149,1
Чүй облусу 497 292,6 734 231,7 147,6
Баткен облусу 129 711,6 184 290,9 142,1
Республика боюнча 3 565 925,1 5 344 656,7 149,9

Өкмөт бул өңдүү иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн финансы-экономикалык негизин бекемдөө маселесин чечүүнү шарттайт деп ишеним артат.

Муну менен бирге аймактардын социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иштер жасалууда. Алсак, стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттар беренесинен бүгүнкү күндө республиканын аймактарында 305 028,9 миң сомдук 231 долбоор ишке ашырылууда. Бул гранттарды активдүү өздөштүрүүчүлөрдүн катарында алдыңкы болуп  57 долбоор ишке ашырылып Жалал-Абад облусу келүүдө (20,9%). Эң азы Талас облусунда (7,6%) 16 эле долбоор ишке ашырылууда.

Маалымдоо: Стимулдаштыруучу гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлордун саны

Аймактар 01.10.2019-ж. карата
Объект. саны Стимгранттын көлөмү (миң.сом) %
Баткен 24 31 442,6 10,3
Жалал-Абад 57 63 740,8 20,9
Нарын 22 35 723,1 11,7
Ысык-Көл 39 47 151,4 15,5
Талас 16 23 290,8 7,6
Ош 37 53 022,7 17,4
Чүй 36 50 657,5 16,6
Республика боюнча 231 305 028,9 100

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: