14-ноябрда “Азия-ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына ушинтип жазды:
“Жинди” күндөр…
2009-жылы президенттик шайлоо өттү. Атамбаев жыгылгандан соң, мен күз айларында Каптагаевди “Форумга” ээрчитип келдим, экөөнү табыштырдым. Ал “идеолог” катары бизде иштей баштады. Ошондо Рыскелди Момбеков ачууга алдырып, күн алыс кыжынып, “Каптагаевди урам” деп жаңжал салчу. Мен токтотуп койчумун… Кызыгы, бүгүнкү күндө Каптагаевдин тыңсынып, Атамбаевди шыбаганы кайсы логикага сыят? Эрксизден жылмаясың. Ошондо Рыскелдини тийгизбей койгон мен элем, себеби, биз бир команда болчубуз. Анан калса, Каптагаев “Учур” гезитине маалымат жазып турчу… Кыскасы, албууттанган Рыскелдинин “жиндилиги” унутулбайт экен да…”
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ