Menu

Рамзан Кадыровдун коопсуздугун камсыздоо үчүн жылына 200 миллион рубль жумшалат

Бөлүшүү:

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун коопсуздугу үчүн жылына кеминде 200 миллион рубль жумшалат. Бул каражатка Орусиянын Улуттук гвардиясынын 400дөн ашык кызматкери Кадыровдун өзүн, турак жайларын, резиденцияларын жана үй-бүлөсүнүн жеке үйлөрүн кайтарат.

«Открытые медиа» басылмасынын маалыматына караганда, мыйзам боюнча Кадыров гана эмес, анын апасы жана үй-бүлөсү да күзөт алууга укуктуу.

Чеченстандын башчысы республикада коопсуздук жана тартип орногонун айтып келгени менен акыркы беш жылдын ичинде аны Улуттук гвардиянын 388ден 430га чейин кызматкери кайтарган. Басылма бул санды мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтардын негизинде эсептеп чыккан.

2017-жылы аткаминерлер 101,6 миллион рублге 200 күзөтчү жалдашкан. Алардын 62си Кадыровдун резиденциясынын, дагы 62си анын жеке хан сарайынын, калгандары Грозный шаарындагы административдик имаратынын коопсуздугуна жооптуу болушкан.

Чеченстанда «Туңгуч президенттин жесиринин социалдык жана башка кепилдиктери тууралуу» өзүнчө мыйзам бар. Ага ылайык, Кадыровдун апасына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да өзүнчө күзөт каралган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: