«Oyan, Qazaqstan!» кыймылынын активисти Дархан Шарип 8-мартта Алматыда өткөн феминисттик маршка катышкандан кийин социалдык түйүндөрдө коркутууларга кабылганын билдирди.
«Кимдир бирөө интернетке жарыяланган видеодон мени таанып, төмөн жагына дарегимди жазып койгон окшойт. Болжол менен 15ке жакын киши жеке кат жазды. Алар мени таап, өлтүрөбүз деп коркутуп, ЛГБТ өкүлдөрүнө казакча асылып жатышат», — деп билдирген активист «Vласть» сайтына.
Анын айтымында, колдонуучулардын көпчүлүгү жашырынбастан өздөрүнүн жеке аккаунттарынан жазууда. Шарип аларды скриншот кылып алганын, бирок азырынча полицияга арыз менен кайрыла электигин билдирди.
8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата Алматыдагы Ганди айкелинин жанындагы гүлбакта аялдар маршы өткөн. Жүздөгөн киши катышкан акциянын жүрүшүндө Казакстандагы гендердик тең укуктуулук, үй-бүлөдөгү зомбулук, ЛГБТ өкүлдөрүнүн басмырланышы өндүү маселелер көтөрүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ