Menu

Өзбекстанда эмдөөдөн өткөн жарандарга сертификаттар берилет

Бөлүшүү:

Өзбекстан коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга сертификат берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 10-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Баходир Юсупалиев Ташкенттеги брифингде билдирди.

«Бүгүнкү күндө эмдөө иштерине жана вакцина сатып алууга даярдыктар жүрүп жатат. 10 миңден ашык медайым жана 33 миңден көп дарыгер даярдалууда. Эмдөөдөн өткөндөрдү электрондук каттоого алуу боюнча иштер аткарылууда. Бул үчүн emlash.uz. сайты ачылды. Аларга эмделгени тууралуу сертификаттар берилет», — деди Юсупалиев.

Ал Өзбекстанда күнүнө 20-40 кишиден коронавирус аныкталып жатканын, акыркы 3-4 жумадан бери бул көрсөткүч төмөндөгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Кытай чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат бере баштаганы кабарланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: