Ноокенде малдын тоюту менен кошо пахта өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кырсык Рахманжанов айылынын Уразматов көчөсүндө болгон. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 55 чарчы метр чатыры, 350 түк чөп жана 100 боо пахта сабагы күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ