Бүгүн, 12-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 63 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 31, Оштон – 1, Чүй облусунан – 18, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 6, , Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 755 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 48 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 766га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 19, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 11, Ош облусунан – 6, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 1, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1480ге жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ