Menu

Улуттук Госпиталга тартип жана адилеттүүлүк керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургиясынын бөлүм башчысы Иманбаева Салтанаттан ачык кат

—Урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович! Мен, Иманбаева Салтанат Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургиясынын бөлүм башчысы сизге ачык кат аркылуу кайрылууга аргасыз болдум. Сизди конституциянын гаранты жана коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамдарга барат деген илгери үмүт менен мени каралап жаткан врачтардын тобуна каршы чара көрүүңүздү өтүнөм. Мага жалаа жаап, жок жерден каралап жатышкан Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургиясынын врачтары өз милдеттерин, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтерин так билишпейт. Бүгүнкү күндө профессионалдык милдеттерин аткаруунун ордуна жумушуна шалаакы мамиле жасап жетекчисинин абийирине негизсиз доо кетиришүүдө. Баары мен больничныйда жүргөндө башталган. 2018-жылдын акырында врач Л.И. Бушуеванын айынан Р. Умуралиева аттуу бейтап операциядан кийин абалы оорлоп, каза болуп калган. Бул түздөн-түз врач Бушуеванын күнөөсү болгон. Адам өлүмүнө алып келген мындай шалаакылык иши үчүн башкы врач Д.Сагинбаева аны өз эрки менен жумуштан бошоп кетүүсүнө шарт түзүп, жок дегенде сөгүш жарыялап койгонго жараган эмес. Арадан 2 жума өтпөй Кадыралиева бейтапты жасалма аныктамалар (липовая справка) аркылуу операция кылгысы келген. Мен текшерген учурда бейтап 8 жаштагы кыз жана анын организми оор наркозго, операцияга даяр эместиги анык болгон. Буга карабай Кадыралиева операция жасаганга шашкан. Мен бул иш менен таанышып, кокустуктун алдын алып, ошол кездеги жетекчи Сагинбаевага кайрылгам. Операциянын жыйынтыгы леталдык абалга кептелмек. Алдын алып, операцияны токтотуп калганын аларга жаккан жок. Мындан тышкары акыркы 2-3 жылдар аралыгында 3 өспүрүмгө ийгиликсиз операция жасап, наркоз салуу менен экинчи ирет операция кылышкан. Анан да буга чейин Найманбаева аттуу врачтын колунан дагы бир 75 жаштагы бейтап запкы жеген. Анын ооруулуу көзүнүн ордуна соо көзүнө операция жасап, аны инвалидге айландырышты. Жакшына көрүп жаткан аксакал көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бул кылмыш да.

Улуттук госпиталда чоң чуу жараткан дагы бир окуя Б.Шаршеева аттуу врачыбыз жаш кыздын бир көзүнө туура эмес операция жасап, бир көзүн агызып салган. Кийин кыздын алдынан өтүп, тыйынын берип атып ал ишти жапкан. Ал эми Кенджаева жасаган операция ийгиликсиз болуп, бейтап 1 жыл бою дарыланган. Бирок көзү көрбөй калгандыктан соттошууга чейин барышкан. Эксперттердин корутундусуна врачтын күнөөсү жок деп табышып ишти жапкан. Себеби ошол кезде Сагинбаева аларды коруп турчу. Бирок бейтаптын көзү көрбөй калганын жашыра алышпайт да. Улуттук госпиталда Мамазияева аттуу врач иштейт. Өзү профпатология бөлүмүндө иштегенине карабастан Сагинбаеванын көрсөтмөсү менен Көз хирургиясы бөлүмүндө да иштеп калган. Ал бейтаптардын ооруу тарыхын түзбөстөн, анализдерин албастан оорулууларды палатага жайгаштырып, аларга ички веналык иньекцияларды дайындаган. Адам өмүрүнө жасалган мындай шалаакылыгы үчүн башкы врач Сагинбаева ага болгону сөгүш эле берип койгон. Мындайча айтканда, элементардык милдеттерин так аткара албаган врачтардын ыйык кесипти аркалоосуна негиз да, моралдык укугу дагы жок. Булар дарт тарыхын (история болезни) толтурганды, аныктаманы так койгонду, документация иштерин жургүзүүнү, жабдууларда иштөөнү так билишпейт. Талап кылган мендей жетекчилер мындайларга жакпасы бышык. Кезинде мени мыйзамсыз жумуштан алышты, мен мыйзамдын негизинде кайра жумуш ордума кайтып келдим. 33 жылдык тажрыйбам бар, дасыккан врач катары 20 жылга жакын Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургия бөлүмүн жетектеп, бул аралыкта 54 миң бейтапты дарылап, анын 7 миңден ашуунуна операция жасагам. Менин демилгем жана тынымсыз аракетимдин негизинде 70 жылдын ичинде биринчи жолу №1 Көз хирургия бөлүмү толук капиталдык ремонттон өтүп, терезелери, сантехникасы, суу жана жылуулук берүү системалары толугу менен жаңыртылып, 600 миң сомдон ашык суммага эмеректер сатып алынып, 70 бейтаптык койкалар, жумшак жана катуу инвентарлар орнотулган. Бир канча долбоорлорду жазып Швейцариялык Кызыл Крест менин долбоорума 500 миңге
жакын АКШ долларын бөлдүртүп берди. Аны менен кошо жаңы жабдуулар, эң акыркы моделдеги көз үчүн 2 микроскоп, диагноз коюучу жабдуулар келди. Врачтар эс алуучу бөлмөлөр заманбап стилде ыңгайлуу болуп жасалды. Мунун баарын мамлекеттен бир тыйын сурабай өз эмгегимдин эсебинен жасаткам. Ош шаарында, Бишкекте илимий конференцияларды байма-бай өткөрүп келем. Муну баары билет. Мага каршы чыгып жаткандардын эмне жумуш жасаганына карасак эчтеке жок. Мен түзүп берген шарттарда, жылуу-жумшак орундуктарда отуруп алып каралоо менен убара. Иштегендин ордуна. Менин колдоом менен чет өлкөдө окуп келишти. Бирок бир доклад жасашкан жок. Арызчылардын башында турган Кадыралиева 18 жыл бою менин орун басарым болуп журдү. 2 ирет менин өтүнүчүм менен Бишкек шаарынын мыкты офтальмологу болгон. Анан бейтаптын өлүмүнөн соң жоопкерчиликтен качуу максатында мага каршы тарапка өттү. Буга чейин менин үстүмөн прокуратурага, финполицияга арызданган, бирок факт аныкталган жок. Жакында да финполицияга арызданды, бирок Улуттук Госпиталдын бухгалтериясы эч кандай мыйзамдан тыш факт таппады. Демек Кадыралиеванын аракети ушак, жалаа жабуу болуп эсептелет. Ошондуктан урматтуу Президент жумушума тоскоолдук кылган, негизсиз каралап жаткан врачтардын бир ууч тобуна чечкиндүү чара көрүүңүздү жана Улуттук Госпиталда тартипти орнотууңузду өтүнөм. Учурда Улуттук госпиталдын директорунун милдетин аткаруучу Уметалиев Т.М мурунку система менен иштеп жатат. Мен жазган рапортторго маани бербей, мага каршы жазгандарга дароо реакция кылат. Анткени ал Сагинбаеванын кадры. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы Улуттук госпиталда болуп жаткан анархияга чек коюп, көзөмөл кылса деп кайрылам. Президенттик администрация тарабынан чечкиндүү кадамдар болооруна ишенем жана үмүт этем.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, КР Саламаттыкты сактоонун отличниги, Улуттук Госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Иманбаева Салтанат Сулаймановна

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: