Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кендеги кырдаал кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабка Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.
«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө.
КР ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар түнү да издөө иштерин жүргүзүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ