“Биз жолдошум, уулум менен АКШда турабыз. Иним да Америкада. Быйыл жаңы жылды ата-энебиз менен тосууну каалап, Кыргызстанда калганбыз. Иним да атайын учуп келди. Бирок тилегибиздин орундалышына бийлик тоскоолдук кылды. Биз үй-бүлөбүз менен атабызга видеокуттуктоо даярдадык. Чыкканда, көрүп, ыраазы болот деп ойлойбуз”, – дейт Равшан мырзанын улуу кызы Айсулуу.
Кызынын айтымында, баарынан саясатчыны эң кичүү кызына оор болуп жатыптыр. Камакка алынганда классташтары да табалаган экен. Бирок жооп айтканга жараптыр.
“Атамдын жакшы көргөн кызы, бардыгыбыздын сүйүктүүбүз – Айжан тогуз жашта. Классташтары: “Атаңды түрмөгө салышты. Эми силерде жаңы жыл болбойт, эч ким сага белек бербейт” дешкен экен – дейт Айсулуу. – Анда Айжан: “Атам мени саясатчынын кызы катары жооптон качпаганга үйрөткөн. Ошондуктан атам эки айга иштери менен кетти деп эсептейм, бирок сөзсүз кайтып келет, мени менен болот” деп жооп бериптир”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ