Кечээ, 9-январда Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубынычбек Ѳмүралиевдин Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Президенти Серкан Каялар менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим, туризм, социалдык тармактагы объектилердин курулушу жана башка ТИКАнын долбоорлорун Кыргызстандын аймактарына жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты.
Элчи Кубынычбек Ѳмүралиев ТИКАга «Таза Суу» улуттук долбоорду ишке ашырууга жана Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди интернетке кошуу долбооруна катышууну сунуштады.
С.Каялар мырза ТИКАнын чет өлкөдөгү биринчи офиси өз кезегинде боордош жана достук Кыргызстанда ачылганын белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган көздөлгөн баардык долбоорлор ишке ашырыла тургандыгына ынандырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ