Кечээ, 10-январь күнү Ош облусундагы Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү дайындалды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, айыл өкмөтүн шайлоо 29-январда саат 9:00дөн түшкү саат 12:00гө чейин болот.
БШКдан билдиришкендей, Ноокат районунун акиминин 2019-жылдын 26-декабрындагы №113 буйругу менен Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбаев Кубатали «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ