Бүгүн КСДПнын жетекчиси Сагынбек Абдырахмановду редакцияга чакырып, маек курдук. Аны менен саясат, алтын кен, С.Чокморов атындагы фонд, анын айкели жана КСДП, андагы саясатчылар тууралуу маектештик.
Буга чейин Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева айтып берсе, азыр Сооронбай Жээнбеков жөнүндө айтып берди. «Жээнбеков саткын эмес, ал эки жыл коррупционерлер менен күрөштү, керек болсо жакын досу Атамбаевди түрмөгө отургузуп койду. Бул эмнени билдирет? Бул деген элди, мамлекетти жогору койгондукту билдирет»,-дейт С.Абдырахманов.
Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Мурдагы күнү, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөрдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ