Таласта күйүүчү май даамданган, бөтөн зат чыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Талас шаарынын жашоочулары билдирди.
Алардын айтымында,Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдөн күйүүчү май даамданган суу чыгып келатканы аз келгенсип, эшиктин алдындагы кудуктан бөтөн зат чыгып жатканына кооптонуп жатышат. Алар бүгүн «Таза суу» ишканасынын кызматкерлерин чакырып, сууну текшерип, анализ чыгарып берүүнү суранышкан. “Алар жакын арада чечээр, чечпесин билбейбиз, үнүбүздү бийликке, коомчулукка жеткирип койсонуздар, тезирээк чечилет деп ойлойбуз. Башкасын коюп, сууну тезинен чечип берсениздер”,-дейт Талас шаарынын тургундары.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ