Кечээ, 13-февраль күнү элчи Азимбек Бекназаров Малайзияга учуп кетти. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Руслан Бекназаров: “Малайзияга узаттым. Таманыңарда бейишим. Жаратканга миң шүгүр, силерге уул болууну насип кылган. Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат. Аллах силерге адам затына арнаган жакшылыгын аябасын. Жашооңуздар пайдалуу жана берекелүү болсун” – деп пост жазган.
Эсиңиздерге сала кетсек, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп 2019-жылдын 26-декабрында дайындалган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ