Талас облусунда карантин учурунда 164 наристе жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын директору Нурдин Усупбеков билдирди.
Анын айтымында, карантин учурунда тезинен медициналык жардамга муктаж адамдар гана ооруканага жаткырылган.
“Учурда ооруканада 132 адам бар, алардын алтоосу инфекциялык бөлүмдө”, – деди Усупбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ