Кечээ, 6-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын Жеңиш көчөсүнүң тургуну 1970-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылган. Себеби ошол эле күнү болжол менен саат 11:30 чамаларда Жалал-Абад шаарынын Курортная көчөсүндө Гани аттуу киши эч бир себепсиз уят сөздөр менен сөгүп урууга аракет жасаган. Бул тууралу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантынын басма сөз кызматы билдирет.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп натыйжада: Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө алдын ала түзүлгөн тизме менен ун жана башка азык-түлүк таратылып жаткан учурда, Курортная көчөсүндө ошол эле көчөнүн тургуну 1986-жылы туулган Б.Гани – «мага да жардам барбы?» деп айыл активи 1970-ж.т. А.Бга кайрылган учуруда, «бул тизмеде жок экенсиң биздин жумушка тоскоолдук кылбай тур» деген жообун угуп, ачууланып уят сөздөр менен сөгүнүп, урууга аракет жасаган учурда, ӨКМдин кызматкерлери ортого түшкөн, бирок Б.Г. алар менен да мушташууга аракет жасап, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүп бейбаштык аракеттерди жасагандыгы аныкталган жана бул учур жабырлануучу тарабынан видеотасмага тартылып алынган.
Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жоруктар кодексинин 119-бер.негизинде (Майда бейбаштык) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошондой эле, шектүү өзүн ачуулукка алдырганын, чынында анын да үй-бүлөсү жардамга муктаж экендигин билдирип, кечирим сураган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылууда.
Этият болуңуздар: нормативдүү эмес лексика бар, богооздор тилденишет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ