Кечээ, 4-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Каныбек Иманалиевге телефон чалып, пресс-катчысынын сөздөрү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган.
“Премьер-министр М.Абылгазиев депутат К.Иманалиевге телефон чалып, пресс-катчысы А.Султаналиев аны менен макулдашпай билдирүү жасаганын, өзүн ыңгайсыз сезип жатканын билдирип, кечирим сурады.
Депутат аны түшүнүү менен кабыл алып, А.Султаналиевге эч жаман оюу жок экенин айтып, бирок, экономикалык маселелер боюнча сунуштарын тез арада жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн талабы экендигин, Парламент жана Өкмөт эң ириде бүт күчүн кризистен чыгууга жумшоосу керек экендигин айтты.
“Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, мамлекеттик көп чиновниктер бул окуядан сабак алары шексиз” – деп жазган Нурдин Жолдошбеков.
https://www.facebook.com/Nurdin.Zholdoshbekov/posts/2597238417043935
Депутат Каныбек Иманалиев премьер-министрдин кечирим сураганын журналисттерге тастыктаган.
Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министрдин пресс-катчысы Адилет Султаналиевдин билдирүүсү парламенттин жана өкмөттүн басма сөз кызматтарынын ортосунда пикир келишпестиктерге себеп болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ