Menu

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүнү жүргүзүү чечими кабыл алынды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан окуя боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүнү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Окуя орун алган учурдан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана конфликттин курчушуна алып келбөө боюнча жалпы координация жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.
Эртең, 1-июнда тараптар сүйлөшүүлөрдү улантат. Жергиликтүү элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тургундар конфликт болгон аймактан чыгып кетишти. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: