Facebook социалдык түйүнү мамлекеттик көзөмөлдөгү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү менен тайпаларына атайын белги коё баштады.
Компаниядан билдиришкендей, кийинчерээк мындай ЖМКлардын жарнамаларына да атайын белгилер коюла баштайт.
Бүгүнкү күнгө карата ЖМК мамлекетке таандык экендиги тууралуу белгилер Орусиянын RT телеканалынын, Кытайдын CCTV телеканалы менен «Синьхуа» агенттиктеринин, Кытай компартиясынын борбордук комитетине таандык «Женьминь жибао» гезитинин баракчаларында пайда болду.
Our conscience, our freedom, our rights are the core values & the soul of #HongKong. We'll show everyone that our soul is strong enough to withstand fear. No matter how strong the “north wind” is, WE WILL NOT BACK DOWN, and we won't let the #June4th candlelight be extinguished. pic.twitter.com/lWDgVw8ZdA
— Apple Daily HK 蘋果日報 (@appledaily_hk) June 4, 2020
Жыл аягында, АКШдагы президенттик шайлоого жакын мындай басылмаларга өз өлкөсүндөгү колдонуучулар үчүн жарнама берүүгө тыюу салынат. Facebook атайын белгиге ээ болгон уюм социалдык түйүндүн мындай чечими менен макул болбосо, апелляция берсе болорун билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ